TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПАнын Баш катчысы Элчи Рамиль Хасандын Кыргыз Республикасынын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө биринчи жолу шайланышы боюнча куттуктоо кайрылуусу

ТҮРКПАнын Баш катчысы Элчи Рамиль Хасандын Кыргыз Республикасынын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө биринчи жолу шайланышы боюнча куттуктоо кайрылуусу

Дата
Көрүү
78

Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Эл аралык Катчылыгынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө биринчи жолу шайланышы менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Бул маанилүү жетишкендик эл аралык коомчулуктун Кыргыз Республикасынын көп тараптуу дипломатияны, эл аралык укуктун принциптерин, тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү илгерилетүүгө кошкон салымына болгон жогорку ишениминин айкын көрүнүшү болуп саналат.

Биз БУУнун Коопсуздук Кеңешинде өкүлчүлүк Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого кошкон салымын мындан ары да арттырып, Кеңештин ишмердүүлүгүнө маанилүү салымдарды кошот деп ишенебиз.

ТҮРКПА катары бул маанилүү окуянын боордош кыргыз элинин бакубаттуулугуна жана өлкөнүн эл аралык аброюнун мындан ары жогорулашына кызмат кылаарына ишенип, түрк мамлекеттердин Кыргыз Республикасына мындан ары да колдоосун дагы бир жолу тастыктайбыз.

Кыргыз Республикасынын жетекчилигине жана элине эң жакшы каалоолорубузду билдирип, бул жооптуу миссиянын ишке ашырылышында чоң ийгиликтерди каалайбыз.

Элчи Рамиль Хасан,

ТҮРКПА Башкы катчысы