ТҮРКПА Башкы катчысы Элчи Рамил Хасандын 28-май – Азербайжанын Эгемендүүлүк күнүнө карата кайрылуусу
Дата
Көрүү
60
Азербайжан элин 28-май – Азербайжанын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, эң жакшы каалоолорубузду билдиребиз. Биз көрөгөчтүгү жана берилгендиги менен азыркы Азербайжан мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалын түптөп, келечек муундарды шыктандырып келген Азербайджан Демократиялык Республикасынын негиздөөчүлөрүнө таазим этебиз. Азербайжан мусулман чыгышындагы биринчи светтик жана демократиялык республика катары түрк жана мусулман дүйнөсү үчүн өнүгүү, агартуу жана биримдиктин символу болуп калууда.