Казакстан Республикасынын Мамлекеттик символдор күнүнө карата ТҮРКПАнын Башкы катчысынын кайрылуусу
Дата
Көрүү
166
4-июнунда Казакстан Республикасында Мамлекеттик символдор күнү белгиленет.
Мамлекеттик Туу, Герб жана Гимн казак элинин көз карандысыздыгын, биримдигин жана тарыхый максат-мүдөөсүн чагылдырып, анын улуттук өзгөчөлүгүнүн көрүнүшү болуп саналат.
ТҮРКПА Ассамблеянын мүчө жана байкоочу мамлекеттеринин улуттук символдорду мамлекеттик эгемендүүлүктүн негизи катары урматтоо принциптерине берилгендигин дагы бир жолу ырастоо менен, боордош Казакстан элине тынчтыкты, бакубаттуулукту жана туруктуу өнүгүү жолунда мындан аркы ийгиликтерди каалайт.
Элчи Рамиль Хасан,
ТҮРКПАнын Башкы катчысы