ТҮРКПА
404
2026-жылдын 2-июнунда ТҮРКПАнын Билим берүү, маданият, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын катчысынын милдетин аткаруучу Мирлан Усенканов ADA университетинин Өнүгүү жана дипломатия институту тарабынан уюштурулган «Аймактык байланыштар жана Ортоңку коридор» темасындагы эл аралык лекцияга катышты.
Лекцияда Нидерланд Королдугунун Тышкы иштер министрлигинин байланыштуулук маселелери боюнча атайын өкүлү Бернхард Келькес жана Чыгыш өнөктөштүгү боюнча атайын өкүлү Рейн Деккерс Европа менен Азиянын ортосундагы өз ара байланыштарды чыңдоодогу Ортоңку коридордун барган сайын өсүп жаткан стратегиялык мааниси, дүйнөлүк транспорттук багыттардагы өзгөрүүлөр, инфраструктураны өнүктүрүү жана экономикалык туруктуулукту бекемдөө жаатындагы Европа Биримдигинин жана Чыгыш өнөктөштүгүнүн ролу, ошондой эле аймактык кызматташтыкты тереңдетүү, соода байланыштарын кеңейтүү жана элдер аралык байланыштарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баяндама жасашты.
Иш-чара илимий-академиялык чөйрөнүн жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрүн бириктирип, аймактык байланыштар, туруктуу экономикалык өнүгүү жана заманбап геосаясий чакырыктар боюнча мазмундуу пикир алмашуу үчүн аянтча болду.
Издөө
Акыркы жаңылыктар
-
ТҮРКПА
- 03 Jun 2026