ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПАнын Башкы катчысы Карабак аймагына болгон иш сапарга катышты

ТҮРКПАнын Башкы катчысы Карабак аймагына болгон иш сапарга катышты

Дата
Көрүү
1924

2026-жылдын 1–2-майында ТҮРКПАнын Башкы катчысы, Элчи Рамиль Хасан Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Азербайжанда аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилеринин жана өкүлдөрүнүн катышуусунда уюштурулган Карабак аймагына болгон иш сапарга катышты.

Иш сапарды Азербайжан Республикасынын Президентинин жардамчысы – Президенттин Администрациясынын Тышкы саясат маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы Хикмет Гажиев жетектеди.

Программанын алкагында Хожалы, Ханкенди, Шуша жана Лачын шаарларына баруу уюштурулду. Иш сапардын жүрүшүндө катышуучуларга Карабак аймагында жүргүзүлүп жаткан кайра куруу, калыбына келтирүү жана көрктөндүрүү иштери тууралуу кеңири маалымат берилип, алардын көптөгөн суроолоруна жооптор берилди.

Иш сапардын жүрүшүндө Башкы катчыны анын орун басары Мухаммет Алпер Хаяли коштоп жүрдү.