ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак

Аял парламентарийлер тобу

Аял парламентарийлер тобу 2030-жылга карата Туруктуу өнүгүүнүн күн тартибинин негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналган аялдар менен эркектердин тең мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маселелер боюнча мүчө парламенттердин ортосундагы кызматташууну арттыруу максатында 2019-жылдын 18-декабрында Баку шаарында өткөн Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) тогузунчу Пленардык отурумунун алкагында түзүлгөн.

Топтун күн тартибинде ТүркПА мүчө мамлекеттерде аялдардын саясий, экономикалык, социалдык жана коомдук турмушта жигердүү катышуусун камсыз кылуу боюнча түрдүү демилгелерди ишке ашыруу, ошондой эле ТүркПА мүчө мамлекеттерде чечим кабыл алуунун бардык деңгээлдеринде аялдардын укуктарын кеңейтүү маселелери камтылган. Топ аялдардын бекем тармагын түзүү үчүн Ассамблеянын ишине, ошондой эле эл аралык уюмдардын ишине аял парламентарийлердин катышуусун стимулдаштырууга багытталган.

Топтун курамы ТүркПАнын учурдагы Төрагасы/Төрайымы тарабынан анын төрагалык мөөнөтүнө дайындалган Топтун башчысынан жана тараптар тарабынан ар бир жыйынга атайын негизде дайындалган мүчөлөрдөн түзүлөт.

Топ тийиштүү документтерин кабыл алуучу өлкөдө ТүркПА Пленардык отурумунун алкагында кезектүү жыйынында кабыл алат.

Топтун жетекчиси

Aizhan Temerbayeva
Member of the Kuryltai of the Republic of Kazakhstan
Head of the Women Parliamentarians Group

Aizhan Temerbayeva

Аткаруучу катчы

Айнура Абуталибова
Айлана-чѳйрѳ, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиянын катчысы

Айнура Абуталибова