ТҮРКПА Башкы катчысы КМШ ПА ДӨМЭИ Баку филиалынын директорун кабыл алды
901
2026-жылдын 5-мартында ТҮРКПАнын Башкы катчысы, Элчи Рамил Хасан ТҮРКПАнын Эл аралык катчылыгында КМШ мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Демократияны өнүктүрүүгө, парламентаризмге жана жарандардын шайлоо укуктарын сактоого мониторинг жүргүзүү боюнча эл аралык институту (КМШ ПА ДӨМЭИ) Баку филиалынын директору Рамин Рзаев мырзаны кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Рамин Рзаев мырза жылуу кабыл алуу жана меймандостук үчүн Элчи Рамил Хасанга терең ыраазычылык билдирип, КМШ ПА ДӨМЭИнин директору кызматындагы алгачкы расмий иш-чарасы катары ТҮРКПАнын Эл аралык Катчылыгына жасаган сапары өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
Ал ошондой эле ТҮРКПАнын эл аралык аренадагы стратегиялык мааниси жана барган сайын өсүп жаткан ролун баса белгилеп, Уюмдун учурдагы ишмердүүлүгүнө жана өнүгүү багыттарына жогору баа берди.
Өз кезегинде Башкы катчы ТҮРКПА менен КМШ ПАнын ортосундагы көп жылдык өнөктөштүккө токтолуп, жакында Бахрейн Падышалыгынын Манама шаарында өткөн Азия Парламенттик Ассамблеясынын (АПА) 16-пленардык отурурумунун алкагында КМШ ПАнын Башкы катчысы Дмитрий Кобицкий мырза менен өткөргөн жолугушуусу тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле Башкы катчы конокторду Уюмдун учурдагы жана алдыдагы иш-чаралары менен тааныштырды.
Тараптар ТҮРКПА менен КМШ ПАнын ортосундагы узак мөөнөттүү өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө жана өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган аракеттерди колдоону улантууга даяр экендиктерин билдиришти.
Жолугушууга КМШ ПА ДӨМЭИ атынан директордун орун басары Нигяр Алиева айым жана кеңешчи Нармин Махмудова айым, ал эми ТҮРКПАнын Эл аралык Катчылыгынын атынан Башкы катчынын орун басары Талгат Адуов мырза жана Коомчулук менен байланыш боюнча кызматкер Фидан Мажидли айым катышты.
Издөө
Акыркы жаңылыктар
-
TURKPA attends APCEA Working Meeting in Astana
- 22 Aug 2026