ТҮРКПА Башкы катчысы Литванын Тышкы иштер министринин орун басары менен жолугушту
861
2026-жылдын 27-февралында Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы Элчи Рамил Хасан Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысынын орун басары доктор Өмер Кожаман мырза жана ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын мүчөсү, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин депутаты Жаваншир Фейзиев мырза менен биргеликте Литва Республикасынын Вильнюс шаарына расмий иш сапарынын алкагында Литва Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Тауримас Валис мырза менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ТМУ менен Балтика өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү, бул багытта учурдагы байланыштарды жаңы деңгээлге чыгарууда ТМУнун жана ТҮРКПАнын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу, ошондой эле Европа Биримдиги менен Түрк мамлекеттердин ортосундагы мамилелерде Балтика өлкөлөрү жана Балтика Ассамблеясы ойной турган өзгөчө роль тууралуу пикир алмашышты. Мындан тышкары, келечектеги экономикалык жана саясий кызматташтык, энергетикалык долбоорлор, биргелешкен транспорттук коридорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү жана башка тиешелүү маселелер талкууланды.
Талкуулардын жүрүшүндө Элчи Рамил Хасан 2011-жылы Балтика Ассамблеясы менен түзүлгөн мамилелерди мындан ары да жогорку деңгээлге чыгаруу жана келечекте Балтика Ассамблеясы, ТМУ жана ТҮРКПАнын ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган Кызматташтык жөнүндө протоколго кол коюу сунушун билдирди. Башкы катчы бул багытта Литванын өзгөчө маанисин баса белгиледи.
Жолугушууга Азербайжан Республикасынын Литва Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Тамерлан Гараев мырза жана Түркия Республикасынын Литва Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эсра Топлу айым да катышты. Тараптар өз ара кызыкчылык жараткан маселелерди жана Түрк мамлекеттер менен Балтика өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, келечектеги кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле бир тууган өлкөлөрдүн элчилери бул багытта ТМУ жана ТҮРКПА тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерди Балтика өлкөлөрүндө кеңири жайылтуунун маанилүүлүгүн белгилеп, бул процесске зарыл болгон колдоо мындан ары да көрсөтүлөрүн билдиришти.
Башкы катчыны ТҮРКПАнын Протокол кызматынын жетекчиси Ядигар Маммадов коштоп жүрдү.
ТҮРКПАнын Башкы катчысы Вильнюс шаарында өтө турган «Түрк мамлекеттер уюму аркылуу кызматташууну жана байланыштарды чыңдоо — Түрк мамлекеттер менен Балтика аймагынын ортосундагы жакын мамилелер үчүн мүмкүнчүлүктөр» аттуу панелдик талкууга негизги баяндамачы катары катышауусу күтүлүүдө.
Издөө
Акыркы жаңылыктар
-
TURKPA attends APCEA Working Meeting in Astana
- 22 Aug 2026