ТҮРКПАнын байкоочулары Алматы шаарынын Аймактык референдум комиссиясынын Төрайымы менен жолугушту
927
2026-жылдын 15-мартында Казакстан Республикасында өтө турган конституциялык референдумга кыска мөөнөттүү байкоо жүргүзүп жаткан ТҮРКПАнын Эл аралык референдумду байкоо миссиясынын Алматы боюнча тобу 2026-жылдын 14-мартында Алматы шаарынын Аймактык референдум комиссиясынын төрайымы Айгүл Калыкова айым менен жолугушту.
Комиссиянын Nөрайымы Алматы шаарында референдумга даярдык көрүү иштери тууралуу маалымат берип, Миссиянын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди.
Ал Алматы шаарында добуш берүү 654 шайлоо участкасында өткөрүлөрүн, алардын 72си убактылуу негизде түзүлгөнүн белгиледи. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу айтып жатып, Калыкова айым добуш берүү күнү үйдөн чыга албаган жарандар үчүн көчмө добуш берүү кутулары колдонуларын маалымдады. Ошондой эле ал туруктуу катталган жеринен тышкары каалаган шайлоо участкасында добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган добуш берүү күбөлүгүн алдын ала алуу тартиби тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары, Комиссиянын Төрайымы референдумду байкоо процессине жергиликтүү байкоочулардын катышуусуна токтолуп, Алматы шаарында референдумга байкоо жүргүзүү үчүн 9 коомдук бирикме аккредитацияланганын билдирди.
Миссиянын мүчөлөрү конституциялык референдумдун маанилүүлүгүн белгилеп, анын демократиялык жана ачык-айкын өткөрүлүшүнө ийгилик каалашты.
ТҮРКПАнын Эл аралык референдумга байкоо жүргүзүү боюнча миссиясы өз байкоосун Казакстан Республикасынын Астана, Алматы жана Түркистан шаарларында жүргүздү. Миссиянын Алматы тобунун курамына Азербайжандын Милли Межлисинин депутаты Тамам Жафарова айым, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаттары Махмут Өзер мырза жана Жемал Энгинюрт мырза, ТҮРКПАнын Эл аралык Катчылыгынын өкүлдөрү – Башкы катчынын орун басары Мухаммет Алпер Хаяли мырза, Комиссиянын катчысы Бауыржан Даткаев мырза жана Укуктук маселелер боюнча кызматкер Азар Маммадов мырза, ал эми Түркия Парламентинен делегациянын катчысы Абдуллах Нури Айваз мырза кирген.
Издөө
Акыркы жаңылыктар
-
TURKPA attends APCEA Working Meeting in Astana
- 22 Aug 2026