TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПАнын учурдагы Төрагасы, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы ТҮРКПАнын Эл аралык референдумга байкоо жүргүзүү миссиясын кабыл алды

ТҮРКПАнын учурдагы Төрагасы, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы ТҮРКПАнын Эл аралык референдумга байкоо жүргүзүү миссиясын кабыл алды

Дата
Көрүү
879

2026-жылдын 13-мартында ТҮРКПАнын учурдагы Төрагасы, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов мырза Казакстандагы жаңы Конституциянын долбоору боюнча өткөрүлө турган референдумга кыска мөөнөттүү байкоо жүргүзүүнүн алкагында Башкы катчы Элчи Рамил Хасан жана ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын Төрагасы, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Осман Местен мырза жетектеген Азербайжан, Кыргызстан жана Түркиянын парламентарийлеринен, парламенттердин аппараттарынын өкүлдөрүнөн жана ТҮРКПАнын Эл аралык Катчылыгынын өкүлдөрүнөн турган Эл аралык референдумга байкоо жүргүзүү миссиясын кабыл алды.

Ерлан Кошанов мырза мүчө парламенттердин төрагаларына бул маанилүү миссияга өз делегацияларын жөнөткөндүгү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, катышуучуларга Казакстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берди. Ал жаңы Конституциянын долбоорунда камтылган жоболор мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев президенттик кызматка киришкенден тартып башталган системалуу реформалардын ырааттуу уландысы экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын Төрагасы Осман Местен мырза референдум бардык эл аралык ченемдерге жана стандарттарга ылайык өткөрүлөрүнө ишеним билдирди. Ал ТҮРКПА түзүлгөн күндөн тартып түрк мамлекеттердеги бардык шайлоо процесстерине байкоо жүргүзүп келе жатканын белгиледи. Ошондой эле Конституциянын преамбуласынын терең мазмунуна өзгөчө токтолуп, анда кылымдарды карыткан жалпы тарыхтын кеңири чагылдырылганын белгиледи.

Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин депутаты Малахат Ибрагимгызы айым жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ырысбек Атажанов мырза жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоорун билдирип, Казакстандын мамлекеттүүлүгүнүн жана демократиялык принциптеринин мындан ары да чыңдалышына тилектеш экендиктерин билдиришти.

Өз сөзүндө Элчи Рамил Хасан мырза Ерлан Кошанов мырзанын ТҮРКПАнын демилгелерин алдыга жылдыруудагы маанилүү ролун өзгөчө белгиледи. Ал Мажилистин Төрагасынын ар тараптуу колдоосу уюмдун ишмердүүлүгүн чыңдоого жана эл аралык кызматташтыкты тереңдетүүгө олуттуу салым кошуп жатканын айта кетти. Ошондой эле Элчи Рамил Хасан мырза жаңы Конституцияда парламентти белгилөө үчүн байыркы түрк сөзү болгон «Курултай» аталышынын кабыл алынышынын терең маанисине токтолуп, бул чечимди бүткүл түрк дүйнөсү үчүн зор символикалык мааниге ээ кадам катары баалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө ТҮРКПАнын ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясында байкоочу статусун алуусу, ошондой эле 2026-жылдын 16-апрелинде Стамбул шаарында Парламенттер аралык Бирликтин 152-пленардык отурумунун алкагында өткөрүлө турган жогорку деңгээлдеги иш-чара тууралуу маалымат берилди. Элчи Рамил Хасан мырза Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы профессор-доктор Нуман Куртулмуштун кабыл алуусунда өтө турган ТҮРКПАга мүчө парламенттердин төрагаларынын бейрасмий жолугушуусу тууралуу кеңири маалымат берди. Өз кезегинде Ерлан Кошанов мырза бул иш-чарага катышууга оозеки макулдугун берип, ага катышуу өзү үчүн чоң сыймык болорун белгиледи.

Өз сөзүнүн соңунда «Күчтүү Казакстан – күчтүү түрк дүйнөсү» деген маанилүү ойду баса белгилеген Элчи Рамил Хасан мырза Казакстан Республикасынын Парламентинин 30 жылдык мааракеси менен куттуктап, куттуктоо тексти чегерилген атайын даярдалган эстелик белекти тапшырды.

Жолугушууга ТҮРКПАнын Эл аралык Катчылыгынан Башкы катчынын орун басары Талгат Адуов мырза, Комиссиянын катчысы Айнура Абуталибова айым жана Уюштуруу жана административдик маселелер боюнча катчы Аласгар Агаев мырза да катышты.