ТҮРКПА Башкы катчысы Австриядагы Азербайжандын Элчиси жана ЕККУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү менен жолугушту
733
Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы Элчи Рамил Хасан Вена шаарына расмий иш сапарынын алкагында Азербайжан Республикасынын Австрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, ошондой эле ЕККУда жана башка эл аралык уюмдардагы Азербайжан Республикасынын Туруктуу өкүлү Ровшан Садыкбейли мырза мырза менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ТҮРКПА менен ЕККУ Парламенттик Ассамблеясынын ортосундагы кызматташуунун келечеги боюнча пикир алмашышты. Ошондой эле ТҮРКПАнын ЕККУ ПАда байкоочу статусун алуу мүмкүнчүлүгү жана бул багытта мүчө мамлекеттер тарабынан көрсөтүлө турган колдоо маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, ТҮРКПАнын ЕККУнун Министрлер кеңешинин алдыдагы жыйынына катышуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Расмий форматта өткөн жолугушуу жүрүшүндө өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча кызматташууну улантуунун маанилүүлүгү дагы бир ирет баса белгиленди.
Өз кезегинде, Ровшан Садыкбейли мырза Азербайжан Республикасынын ЕККУдагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн атынан ЕККУ жана ЕККУ ПАна ТҮРКПА менен кызматташтыгын өнүктүрүүдө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, бул багыттагы ишмердикке ийгиликтерди каалады.
Жолугушууга ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Мухаммет Алпер Хаяли, Комиссиянын катчысы Айнур Абуталибова жана Протокол кызматынын жетекчиси Ядигар Маммадов катышты.
Издөө
Акыркы жаңылыктар
-
TURKPA attends APCEA Working Meeting in Astana
- 22 Aug 2026