TURKPA

TURKPA-nın fəaliyyəti haqqında məlumat əldə etmək üçün bizi sosial mediada izləyin

TURKPA-nın fəaliyyəti haqqında məlumat əldə etmək üçün bizi sosial mediada izləyin

Sosial Media
Marlen Mamataliyev

Marlen Mamataliyev

Qırğız Respublikası Joqorku Keneşinin sədri
Qırğızıstanın TÜRKPA-dakı nümayəndə heyətinin rəhbəri

1981-жылы 24-мартта Бишкек шаарында туулган.

Билими:

1998 – 2002-жж. – Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетинде «Автоматташтыруу жана башкаруу» адистиги боюнча - бакалавр даражасы;

2002 – 2003-жж. – Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетинде «Техникалык системалардагы автоматташтыруу жана башкаруу» адистиги боюнча – жогорку билим (магистратура);

2009 – 2010-жж. – Кыргыз экономикалык университетинде «Финансы жана кредит» адистиги боюнча – жогорку билим;

2011-ж.- Civil Service College Сингапур «Адам ресурстарын башкаруу»;

2019 – 2023-жж. – Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде «Техникалык системалардагы автоматташтыруу жана башкаруу» – аспирантура, техникалык илимдердин кандидаты;

2024-ж. – Кыргыз экономикалык университетинде докторантура (PHD), «Экономика» багыты боюнча;

2024-ж – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Юриспруденция», жарандык-укуктук иш багыты боюнча – экинчи жогорку билим;

2024-ж. – РФ Президентине караштуу Россия эл чарбасы жана мамлекеттик кызмат академиясында (РАНХиГС) «Жетекчилер үчүн мамлекеттик башкаруунун чебери».

Иш тажрыйбасы:

2003 – 2006-жж. – Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Маалыматтык системалар башкармалыгынын башчысы, Башкармалыктын башчысынын орун басары-программалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, Программалык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси, Программалык камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

2006 – 2008-жж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

Май 2008 – декабрь 2008-ж – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, министрдин жардамчысы;

2007 – 2009-жж – Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги, Уюштуруу-кадрдык иштер жана финансылык камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы; Министрдин кеңешчиси; Министрдин жардамчысы;

2009 – 2010-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, КР Биринчи-вице-премьер-министринин кеңешчиси;

Август 2010 – ноябрь 2010-ж – «Ар-Намыс» саясий партиясы, Аппарат жетекчиси;

2010 – 2011-жж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, «Ар-Намыс» депутаттык фракциясынын бөлүм башчысы;

2011 – 2012-жж. – Экономикалык тескөө министрлиги, Статс-катчы, башкармалыктын башчысы;

2012-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Реалдуу сектор бөлүмүнүн башчысы;

2013 – 2016-жж. – «СУ-12» ЖАК Башкармалыктын төрагасы;

2016 – 2018-жж. – «Аллор Строй Сервис» ЖАК Башкы директору, ТРЦ «Азия молл» соода борборунун Башкы директору;

2018 – 2021-жж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылыштагы депутаты, Жогорку Кеңештин Бюджет жана фискалдык саясат боюнча комитети;

2021-жылдан азыркы учурга чейин – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылыштагы депутаты, «Ынтымак» фракциясынын лидери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети;

2025-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын депутаты болуп шайланган;

2026-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын Төрагасы болуп шайланган.

Сыйлыктары:

- «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун отличниги»;

- «КР финансы-экономикалык кызматынын отличниги»;

- «Соода-экономикалык иштин отличниги»;

-Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин энчилүү сааты;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы;

- Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы;

- Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлигинин Ардак грамотасы;

- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ардак грамотасы;

- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин Ардак грамотасы.

- «ЖККУ Парламенттик кызматташтыгын чыңдоо үчүн» медалы;

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын «КМШ ПАА 30 жыл» төш белгиси;

- «Кыргыз Республикасынын Конституциясына - 30 жыл» юбилейлик медалы;

- «Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын «Мыйзамдуулукту чыңдоого кошкон салымы үчүн» медалы;

- Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын ыраазычылык каты;

- Кыргыз Республикасынын дүлөйлөр спорттук кыймылы Уюмунун Президентинин ыраазычылык каты;

- Бизнес ассоциациясынын ыраазычылык каты;

- Жалал-Абад облусунун Арстанбап айыл аймагынын ардактуу атуулу.

Самбо боюнча спорт чеберине талапкер, Бишкек шаары боюнча Самбо федерациясынын президенти.

Класстык чени:

«Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси».