TURKPA

TURKPA-nın fəaliyyəti haqqında məlumat əldə etmək üçün bizi sosial mediada izləyin

TURKPA-nın fəaliyyəti haqqında məlumat əldə etmək üçün bizi sosial mediada izləyin

Sosial Media
Gülay Maşrapova

Gülay Maşrapova

Qırğız Respublikası Joqorku Keneşinin deputatı
TÜRKPA-nın Təhsil, mədəniyyət, sosial və humanitar məsələlər komissiyasının üzvü

1956-жылы 9-октябрда Кара-Суу районуна караштуу Жоош айыл аймагынын Большевик айылында туулган.

Жогорку билимдүү.

1978-жылы Ош шаарындагы Ош педагогикалык институтун аяктаган.

Эмгек жолу:

1978-жылы Жоош айыл аймагындагы №73 Токтогул атындагы орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими;

1983-1985-жылдары №73 Токтогул атындагы орто мектебинин окуу-тарбия иштери боюнча директорунун орун басары;

1985-1993-жылдары Жоош айылдык Кеӊешинин төрайымы;

1993-1995-жылдары Кара-Суу райондук Кеӊешинин төрайымы;

1995-1997-жылдары Ош облустук билим берүү жана маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары;

1997-1999-жылдары Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы;

1999-2007-жылдары Ош облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы;

2008-2009-жылдары Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары;

2011-2013-жылдары Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы;

2018-жылдан 2023-жылга чейин Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматтарын аркалаган.

2025-жылдын 17- декабрынан тартып №7 көп мандаттуу округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Сыйлыктары:

2000-жылы «Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгиси;

2004-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы;

2005-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы;

2005-2007-жылдары Ош облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары;

2012-жылы Ош шаарынын мэринин Ардак грамотасы;

2013-жылы Ош мамлекеттик университетинин Ардак грамотасы.

2023-жылы «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наамына ээ болгон.

Үй бүлөлүү, үч баланын энеси.